Жаңылыктар
06.11.2023 14:20
Кароолор: 366
ЫСЫК-КӨЛ: 9 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын жана бөлүм башчыларынын ошондой эле райондук, шаардык ӨКБлардын жетекчилери менен бирге үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылды.
Алгач ӨКМдин райондук жана шаардык бөлүмдөрү тарабынан аткарылган иштери тууралуу угуу жүрдү. Андан соң “Өзгөчө кырдалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” жана “Авариялык калыбына келтирүү” иш мерчемдерине ылайык курулуп жаткан жана колдонууга берилген объектилер талкууланып, 2024-жылга карата сел коркунучу бар аймактарды коргоо боюнча иш пландар түзүлдү.
2023-жылга карата ар кандай табигый кырсыктардын алдын алууга багытталган жалпы 18 объект кирип, анын 13ү бүтүп калган 5 жерде куруу жана оӊдоо иштери жүрүп жатат. Аткарылып жаткан иштер табигый кырсыктардын алдын алуу менен адам өмүрүнүн кооптулугун төмөндөтүү, материалдык чыгымдардын санын азайтууга багытталууда.
Соңунда облус аймагындагы 3 чейрек аралыгындагы бардык катталган өрт кырсыктарынын жана авариялык куткаруу иштеринин статистикасы талкууланды.
Башкармалыктын башчысы полковник М.Карабаев аймактагы унаалардын жана турак жайлардын кыш мезгилиндеги коопсуздугу боюнча калк арасында нускамалоо иштерин жүргүзүү аркылуу кырсыктардын санын азайтууга жана куткаруучулардын материалдык техникалык базасын, кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө тапшырмасын берди.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР