Жаңылыктар
22.09.2023 12:10
Кароолор: 391
Ысык-Көл: 5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата
ӨКМдин Балыкчы шаардык бөлүмүнүн офицерлери Ч.Айтматов атындагы орто мектебинде “Айгай” көтөрүү менен машыгуу сабагын жүргүзүштү.
Аталган орто мектептин окуучулары күттүрбөй келген кырсыктарды алдын алуу жана ыкчам аракеттерди жасоого, мекеменин курамын эвакуациялоону, өрт өчүрүүчү каражаттарын колдоно билүү менен иш аракет алып барууну үйрөнүштү.
Ошондой эле башталгыч класстардын окуучуларына турмуш тиричилик коопсуздугу менен бирге, жер титирөө, суу ташкын, өрт коопсуздугу жаралган учурунда өзүн алып жүрүү боюнча көрсөтмөлөр берилди.