Жаңылыктар
20.05.2025 19:46
Кароолор: 297
ЫСЫК-АТАДАГЫ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ, АНЫН КЕСЕПЕТИНЕН ЖАШ БАЛА ЖАБЫРКАГАН
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Буденов айылында сарайдан чыккан өрт саат 19:14тө толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 3 жаштагы Б.Р. аттуу наристе жабыркаган, учурда абалы туруктуу. Ошондой эле 1000 түк чөп, 1 жылкы 10 бука күйгөн.
Ал эми өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзгөн, учурда материалдык чыгымдары жана себептери такталууда.
Белгилей кетсек, маалымат түшөр замат өрттү өчүрүүгө саат 16:10до Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 1 бөлүм, кошумча саат 16:19да 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо турак үйдү каптап кетүү коркунучунан өз убагында сакталып калган
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР