Жаңылыктар
28.05.2025 10:18
Кароолор: 400
ЫСЫК-АТАДА ТИЛСИЗ ЖООДОН ТУРАК ҮЙ, ЭКИ УНАА КҮЙҮП КЕТТИ
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында бүгүн, 28-майда турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:03дө Ысык-Ата райондук №4 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 07:16да №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 08:43тө тилсиз жоо толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 300 чарчы метри жана короодо токтоп турган 2 жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кошуна жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калуу чарасы көрүлдү.
Жабыркагандар жок, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР