Жаңылыктар

19.03.2025 18:42

   Кароолор: 164

ЫСЫК-АТАДА ИРИ ӨРТТӨН 200 ГЕКТАР ЖЕРДЕГИ КАМЫШ ӨРТТӨНДҮ

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бүгүн, 19-мартта ачык аянтта куураган камыштан чыккан өрт саат 18:17де толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 180-200 гектарды түзгөн. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилигинде 3 күжүрмөн эсеп, 28 куткаруучу тартылып, алардын ыкчам жана көрөгөчтүк аракеттеринин натыйжасында чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери аяктады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу