Жаңылыктар
20.05.2025 17:52
Кароолор: 142
ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДА ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР ТУРАК ҮЙДҮ САКТАП КАЛУУ АРАКЕТИН КӨРҮҮДӨ
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда алдын ала маалымат боюнча, бүгүн Буденов айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:10до Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылды. Саат 16:19да кошумча дагы 1 бөлүм, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттүн турак үйгө өтүп кетүү коркунучун жоюу жана өчүрүү иш аракеттерин көрүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР