Жаңылыктар

11.06.2025 11:18

   Кароолор: 240

ЫСЫК-АТА РАЙОНУНДА ИРИ ӨРТТӨН МАЛ ФЕРМА КҮЙГӨН

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылында кечээ, 10-июнда мал фермадан ири өрт чыгып, аны өчүрүүгө райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 500 чарчы метр болгон сарай жана үстүндө жыйылган 2000 түк чөп, сарайда байлоодо турган 18 баш бука күйүп кеткен. Ал эми 15 баш бука сакталып калган.

Өрттүн себеби такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу