Жаңылыктар

10.04.2025 10:15

   Кароолор: 815

ЫСЫК-АТА ДАРЫЯСЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН 6 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН ДЕНЕСИ ТАБЫЛДЫ

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, кеээ, 9-апрелде 2019-жылы туулган Д.А. аттуу жаш бала дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу, координациялоо иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата РМАнын башчысынын орун басары тартылган.

Андан тышкары ӨКМдин Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 8 куткаруучу, ИИМден 70 кызматкер, айыл аймактан 9 адам, жергиликтүү тургундардан 130 адам, жалпы 217 адам тартылган.

Ал эми бүгүн саат 08:30га карата 24 куткаруучу, ИИМден 75 кызматкер, айыл аймактан 13 адам, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 162 адам тартылган. Баланын жансыз денеси милицияга өткөрүлүп берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу