Жаңылыктар
15.01.2025 14:02
Кароолор: 488
ЫШТЫН ПАЙДА БОЛУШУНА УНААЛАРДЫН ТААСИРИ
Ыштын пайда болуусуна себеп болгон эң негизги факторлордун бири унаалар. Анткени мезгили жок, жыл бою абанын булганышына таасирин тийгизип, андан чыккан ыштын 60-70 пайызын түзөт.
Бишкекте быйылкы жылы 500 миңден ашык унаа катталган. Алардын көбү экологияга зыянын тийгизүүгө негиз болууда.
Унаалар аркылуу ыштын пайда болуу себептери:
- чет өлкөлөрдөн сапатсыз унаалардын кирүүсү;
- түтүндү чыпкалоочу катализатордун жоктугу;
- төмөнкү саппаттагы күйүүчү майды колдонуу;
- техникалык жактан эскилиги жеткен унааларды пайдалануу жана башкалар.
Мотордун ичинде иштелип бүтүп, сыртка чыккан уулуу газдын зыяны адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан ар бир айдоочу унаасына катализатор орнотуп, айлана-чөйрөнү таза сактоого салым кошуусу шарт!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР