Жаңылыктар

13.01.2025 12:21

   Кароолор: 224

ЫШТЫН ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын 9у булганыч абадан дем алат. Жыйынтыгында жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.

Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатып:

- өпкөнүн сезгенүүсү

- астма

- бронхит

- алсыроо жана баш ооруу

- жүрөк-кан тамыр оорулары

- бөйрөктүн жетишсиздиги

- өнөкөт жана рак оорусун козгошу мүмкүн.

Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн өтө кооптуу.

Андыктан өзүбүздүн жана жакындарыбыздын саламаттыгы үчүн ышка каршы бирге аракеттенели!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу