Жаңылыктар
29.06.2023 13:55
Кароолор: 748
Ынтымак менен биримдикке үндөгөн Курман айт майрамы
Миңдеген мусулмандардын башын бириктирген Курман айт майрамы Кыргызстанда 28-июнь күнү белгиленди. Ынтымак менен биримдикке чакырган бул улуу күндө жаратканга ыраазычылык билдирүү менен курмандыкка мал союлуп, эти кайрымдуулукка таратылса сообу көп болору айтылат. Адал ишке үндөп, адамгерчиликтин бийик сапаттарын даңазалаган курман айтта жакындарга жардам көрсөтүү, жакшы сөз калоо да маанилүү.
Улуу Курман айт күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министрлиги салтка айланган соопчулук ишин бул ирет да жасап, бата тиленип, мал союлду. Анда министрликтин республика боюнча айрым кызматкерлерине курмандыка чалынган малдын эти, ун, суу май, шекер таратылды.
Курман айт майрамы ислам дининдеги эн улуу майрамдардын бири жана кубанычтын күнү. Ал орозо айт майрамынан 70 күндөн кийин белгиленет. Анда колунда барлар тарабынан курмандыка мал союлуп, муктаждарга таратылат.