Жаңылыктар
30.08.2025 11:23
Кароолор: 238
ЫЛДАМДЫГЫ СЕКУНДАСЫНА 15-20 МЕТРГЕ ЖЕТКЕН ШАМАЛ КҮТҮЛҮҮДӨ!
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
ЫЛДАМДЫГЫ СЕКУНДАСЫНА 15-20 МЕТРГЕ ЖЕТКЕН ШАМАЛ КҮТҮЛҮҮДӨ!
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы бир саат аралыгында күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ ЭСКЕРТЕТ!
Катуу шамал учурунда көрнөк-жарнактардан, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс жана коопсуз жайларда болуңуздар!
Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдардын күбөсү болсоңуз дароо 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР