Жаңылыктар

26.02.2024 14:57

   Кароолор: 209

ЫКЧАМ НӨӨМӨТЧҮЛӨР АРДАК ГРАМОТА МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

СЫЙЛЫК — СЫЙМЫК

 

ЫКЧАМ НӨӨМӨТЧҮЛӨР АРДАК ГРАМОТА МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

 

23-февраль — Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата ЫНК бөлүгүнүн улук нөөмөтчүсү, подполковник Камчыбек Райымбеков жана нөөмөтчү, майор Бактыбек Керимбаевдин куткруучулук эрдиги жогору бааланды.

Атап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков өткөн жылдын декабрь айындагы өрт кырсыгында нөөмөтчүлөрдүн күжүрмөндүгүнө талыкпаган эмгегине жана жигердүүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле адам өмүрүн сактап калууга кошкон салымын баалаган Нуржигит Кадырбеков куткаруучуларга ийгилик каалап, Жогорку Кеңештин "Ыйман нуру" парламенттик фракциясынын Ардак грамотасын ыйгарды.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрында

кечке маал Биринчи Май районуна караштуу Л.Толстой көчөсүндө өрт кырсыгы чыккан. Тилсиз жоодо жогоруда аталган өрт өчүрүүчү куткаруучулар жогорку кесипкөйлүк менен жатаканадан чыга албай калган Индия Республикасынын 40 жаранын коопсуз жерге эвакуациялашкан.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу