Жаңылыктар
20.12.2024 14:02
Кароолор: 330
ЯКУТИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНАН КЕЛГЕН ДЕЛЕГАТ: "ТОКОЙ КЫЗМАТЫНА ИНВЕСТИЦИЯ САЛУУГА ДАЯРМЫН"
Бүгүн Элдик Курултайга келген делегаттардын катарында Россия Федерациясынын Якутия Республикасынан келген делегат ӨКМге кайрылды.
Делегат Жусупжан Ажибаев: "Токой кызматына инвестиция салуу менен Кыргызстандын бай жаратылышын, токой аянтын көбөйтүүгө салым кошот элем"-, деген сунушу менен кайрылды.
Ал эми аталган сунуш боюнча ӨКМге караштуу Токой кызматы тарабынан иштер жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР