Жаңылыктар
13.05.2025 15:13
Кароолор: 177
УУЛКАН БАЙГУБАТОВА: “ӨКМге КАРАШТУУ ҮЛГҮЛҮҮ ДЕЛГЕН АСКЕР БӨЛҮГҮНДӨГҮ ОКУЯ БИЗДИ ДА ӨКҮНДҮРДҮ”
Республикалык аскерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскердик бөлүктө болуп, акыркы абал боюнча жакындан таанышып кайтты.
Ал бөлүктүн жоокерлери менен жолугуп, жекече пикир алышуу өткөргөн. “Аскерлер мурда-кийин андай окуялар болгон эместигин айтышты. Үлгүлүү аскер бөлүктө мөөнөтүн өтөп жатканын белгилеп, жакшы гана жактары тууралуу пикирин билдиришти. Бул бөлүктө кызмат өтөп жатканына эч кандай өкүнбөй турганын жазып да беришти”, - деп белгиледи Байгубатова.
Ал Кыргызстандагы башка күч түзүмдөрү менен иштешкен уюм катары ӨКМдин аскердик бөлүктөрү акыркы жылдары күжүрмөн даярдыгы, тартиби жана башка мамлекет алдындагы кызматы жогору бааланып келгенин, өзгөчө ушул 86123 аскер бөлүгү үлгүлүү бөлүк катары алдыга чыгып келе жатканын белгилеп кетти. “Бирок ага карабай акыркы окуянын катталышы бизди да өкүндүрдү”, - деп кошумчалады Байгубатова.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР