Жаңылыктар

19.02.2024 18:48

   Кароолор: 434

УРМАТТУУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР! КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ 20-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

❗УРМАТТУУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!

 

✅ КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ 20-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

 

2024-жылдын 16-февралынан 18-февралга чейин кар көп жаап, унаа жолдун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды.

Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

(Сүрөт архивден)

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу