Жаңылыктар
16.06.2024 17:25
Кароолор: 387
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Ардактуу кесиптештер!
Сиздерди мусулмандардын ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.
Аруулуктун жана кайрымдуулуктун белгиси болгон бул майрам элибизге, жергебизге жана жалпы мусулман дүйнөсүнө тынчтык, токчулук жана молчулук ыроолосун!
Жаратканыбыз Кыргызстаныбызды айттырбай келген кырсыктан сактап, өнүгүүгө өрүш алсын!
Урматтуу куткаруучулар!
Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө береке, ырыскы жана ынтымак тартуулап, эли-жерибизди бакубатчылык жылоолосун!
Курман Айт майрамыңыздар маарек болсун!
Терең урматтоо менен,
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев