Жаңылыктар
07.11.2023 09:00
Кароолор: 251730
“Урматтуу кыргызстандыктар! Ата Мекен, Ата Журт үчүн ак кызматын кылган куткаруучулар!
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата эскерүү-кайрылуусун жолдоду.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Ата Мекен, Ата Журт үчүн ак кызматын кылган куткаруучулар!
Тарых барактарына кылчайсак, кыргыз эли нечен кылымдар бою канчалаган доорлорду башынан өткөрүшкөн. Улуу Кыргыз кагандыгын түзүп, башка хандыктар менен теңата иш кылганы кытай летопистеринде жазылып, архивдеринде сакталып калган.
Мамлекеттүүлүктү туу тутуп, көчмөн турмуштун башка элдерден өзгөчөлөнгөн каада-салтын, нарк-насилин, маданиятын карманган кыргыз эли кылымдардан кылымга учук улап, бүгүн да өз алдынча өлкө катары сакталып келет.
Айрым элдерде мына ушундай элдүүлүктү тааныткан байлык да, бакыт да жок! Алардын айрымдары жок болуп, тарых барактарында ушундай эл жашап өткөндүгү гана эскерилип кала берди.
Бир кылым мурун Кыргызстандын түндүгүндө орун алган Улуу Үркүндө кытай жергесине качкан кыргыз элинин башынан кечирген кайгылуу окуясы, оор күндөрү, кайра өз мекенине кайтканы тарыхый булактарда эскерилип, залкар жазуучуларыбыздын көркөм чыгармаларында жазылып калды.
Ал эми Кыргыз Мамлекетинин түптөлүүсүнө жол чапкан кыргыз каймактары – Жусуп Абдырахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков сыяктуу бир катар ишмерлерди эскербесек болбос. Алар түзгөн Мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдеп, түндүгүн бийик көтөрүп, өнүгүүнү карай адымдап, аны көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүү ар бирибиздин милдетибиз!
Урматуу куткаруучулар!
Эгемендикти орнотууга, улуттун улуулугуна жана нарк-насилин, маданиятын сактап калууга өмүрүн арнап, ошол мезгилдеги режимдин курмандыгына айланган кыргыз элинин чыгаандарынын ишмердүүлүгүн, ошондой эле өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн курман болгон мекенчил жигиттерибиздин эрдиктерин дегеле, Мамлекеттүүлүктүн 3000 жылын камтыган кыргыз элинин көөнө тарыхын, маданиятын келечек муундарга даңазалайлы.
Тамыры тереңге кеткен түптүү элдин урпактары ар дайым мекенчилдик сезим менен Кыргызстаныбызды өнүктүрүп, өлкөбүздү алдыга сүрөйлү!
Жергебизди бөөдө кырсыктан сактап, элибиз тынч болсун!
Урматым менен генерал-майор,
Бообек Ажикеев