Жаңылыктар
13.12.2023 12:00
Кароолор: 381
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР, ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!
ӨКМ БИЛДИРЕТ
УРМАТТУУ АЙДООЧУЛАР, ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!
Бүгүн Ош – Бишкек жолундагы "Арал", “Сосновка” постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөөлөр алынгандыгын билдиребиз.
Тактап айтканда, 12-декабрда Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап, жол тайгак болгонуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР