Жаңылыктар
01.11.2023 09:51
Кароолор: 537
УРМАТТУУ АЙДООЧУ, УЗАК ЖОЛДО ЖҮРҮҮГӨ ДАЯРСЫЗБЫ?
Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 2-ноябрына чейин республика аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо жаан-чачын карга айланып жаткандыгына байланыштуу Нарын облусунун ӨКМ кызматкерлери алыскы жолго чыгуучу унаа ээлери менен кышкы даярдыктары тууралуу сүйлөшүштү.
Нарын облусу тоолуу келип, аба ырайы тез-тез өзгөрүлмөлүү. Андыктан облустагы унаалар алыскы жолго чыгарда кышкы даярдыкта болуусу зарыл.
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочуларга жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоону, узак жолдо керектелүүчү дөңгөлөк чынжырчасын, ысык суу, дары-дармек топтомун жана кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууну сунушташты.
Ошондой эле кырсык катталган учурда 112 кызматына чалууну эскертишти!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР