Жаңылыктар

29.11.2023 08:00

   Кароолор: 864

УНААДАГЫ ӨРТ ТОЛУГУ МЕНЕН ӨЧҮРҮЛГӨН

Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы оор жүк ташуучу унаадан чыккан өрт саат 23:05те чектөөгө алынып, тилсиз жоону өрт өчүрүүчүлөр күжүрмөндүк менен түнкү саат 1:31де толук өчүрүшкөн.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган оор жүк ташуучу "ХОВО" унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен унаадагы фейерверктер жарылып, унаада ири өрт чыккан.

(Иллюстрациялык сүрөт)

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу