Жаңылыктар
04.03.2025 19:01
Кароолор: 890
УНААДА ӨРТ ЧЫГЫП, БИР АДАМ ЖАБЫРКАДЫ
Бишкек шаарынын Свердлов районунда унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 18:01де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 18:20да толук өчүрүлдү. Анын кесепетинен 1990-жылы туулган Ж.Г. аттуу эркек киши жеңил күйүк жаракат алып, тез жардам кызматынын кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР