Жаңылыктар
08.02.2024 11:06
Кароолор: 288
УНАА ЖОЛУ АБА ЫРАЙЫ ТУРУКТАШКАНЧА ЖАБЫЛЫП ТУРАТ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
УНАА ЖОЛУ АБА ЫРАЙЫ ТУРУКТАШКАНЧА ЖАБЫЛЫП ТУРАТ
Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 68-101 жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Андыктан өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн Чаткал районунун башчысы-акиминин 2024-жылдын 7-февралында чыгарылган №38-б буйругунун негизинде, аба ырайы турукташканга чейин жогорудагы унаа жолдору кечки саат 20:00дөн таңкы саат 8:00гө чейин убактылуу жабылып турат.
УРМАТТУУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!
Жогоруда белгиленген убакта жолго чыкпай туруңуздар.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР