Жаңылыктар

27.12.2023 18:08

   Кароолор: 305

УНАА ЖОЛДОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ

2023-жылдын 27-декабрынан 30-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар:

Бишкек—Ош унаа жолунун

121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;

198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;

86-101-чакырымдарында Ала-Бука— Каныш-Кыя ашуусу;

0-2-чакырымдарында Кызыл-Бел—Акташ ашуусу;

Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдары.

🔺Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

УРМАТТУУ АЙДООЧУ! Жол коопсуздук эрежелерин так сактаңыз. Алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз.

☎️Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу