Жаңылыктар
26.12.2023 18:41
Кароолор: 722
УНАА ЖОЛДОРГО КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛӨТ
2023-жылдын 27-декабрынан 30-декабрына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар:
Бишкек—Ош унаа жолунун
121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдары.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
УРМАТТУУ АЙДООЧУ! Жол коопсуздук эрежелерин так сактаңыз. Алыскы жолго чыгууда күрөк, дөңгөлөк чынжырын, дары-дармек, ысык суу жана азык алууну унутпаңыз.
Кырсык катталганда же унаа жолдорундагы абалды билүү үчүн 112 номерине байланышыңыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР