Жаңылыктар
20.09.2024 16:47
Кароолор: 182
УНАА ЖОЛДОРДО МЫЙЗАМСЫЗ САТЫЛЫП ЖАТКАН КҮЙҮҮЧҮ МАЙЛАР АЛЫНУУДА
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Ысык-Ата районундагы 68-чакырымында көчө жээктеп мыйзамсыз сатылып жаткан күйүүчү майлоочу майлар алынды.
ӨКМдин өрттү көзөмөлдөө кызматынын адистери тарабынан өрт кырсыктарын болтурбоо, адам өлүмдөрүнүн алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Ички иштер министрлиги жана Салык кызматынын адистери менен биргеликте пландан тышкаркы текшерүү өткөрүлдү.
Рейд учурунда сатуучулар ордуларынан качып жөнөп, түшүндүрүү иштерине катышкан эмес. Бул фактылар боюнча күбөлөрдүн катышуусунда салыкчылар тарабынан акты түзүлүп, күйүүчү майлар конфискацияланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР