Жаңылыктар

19.12.2023 19:00

   Кароолор: 715

УНАА МАЙЫН АЛМАШТЫРУУЧУ ЖАЙДАН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Борбор калаанын К. Акиев көчөсүндө жайгашкан унаа майын алмаштыруучу жайдан чыккан ири өрт саат 18:24тө толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалыны май алмаштыруучу жайга жанаша салынган дүкөндүн кампасын жана турак үйдүн чатырын каптаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен жакын жайгашкан экинчи үй сакталып калды. Ал эми май алмаштыруучу жай толугу менен өрттөнүп кеткен. Тилсиз жоонун жалпы аянты 500чарчы метрди түзгөн.

Бактыга жараша кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык Өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнөн саат 14:58ден тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 40 өрт өчүрүүчү, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Штабы тартылган.

Мындан сырткары жеринде ИИМден 2 бригада, тез жардам кызматы, “Бишкекгаз” кызматы, РЭТтен 1 бригада иш алып барды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу