Жаңылыктар

09.05.2025 17:15

   Кароолор: 238

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 80 ЖЫЛ! КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ДАЯРДООЧУ МАМЛЕКЕТТИК БОРБОР ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫНА КАТЫШТЫ

9-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн эскерүү жана урматтоо иш-чараларына КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун өздүк курамы катышты.

Борбордун кызматкерлери төмөндө аталган айыл жана шаарларда өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларга жигердүү катышып, ардагерлерге терең таазим көрсөтүшүп, эскерүү гүлчамбарларын коюу менен бирге келген коноктор үчүн аскердик ботко уюштурушту.

Мындан тышкары параддык эсеп менен өздүк курам сап түзүп, жогорку тартиптеги даярдыгын көрсөттү. Салюттук топтор, куралчан сакчылар жана куткаруу техникаларынын тартылышы иш-чарага өзгөчө аскердик салтанат тартуулады.

Майрамдык иш-чаранын алкагында уюштурулган концерттик программада жоокерлердин хору жандуу аткарууларды тартуулап, кол уруш ыкмаларынын көрсөтмөлөрү жана саптык даярдыктар боюнча номерлер көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги аскердик тарбия жана руханий дем берди.

🔹Москва району, Беловодск айылы, Ак-Башат айылы;

🔹 Шопоков шаары;

🔹 Панфилов районунун Кайыңды шаары;

🔹 Жайыл району, Кара-Балта шаары катышты.

Бул иш-чаралар Улуу Жеңишке кошкон ардагерлердин эрдигин унутпай, кийинки муундарга тарбия берүү максатында уюштурулду. Ардагерлерге ыраазычылык билдирилип, тынчтыкты сактоо жана мекенге кызмат кылуу — ар бир жарандын ыйык парзы экендиги дагы бир жолу белгиленди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу