Жаңылыктар

09.05.2024 09:00

   Кароолор: 1017

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ – 79 ЖЫЛ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерин 9-Май – Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.

“Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардактуу ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү Улуу Жеңиш майрамыңыздар чын ниетимден куттуктайм!

Улуу Жеңиш – эрдиктин, каармандыктын жана кайраттуулуктун, эмгекчилдиктин, көтөрүмдүүлүктүн үлгүсү катары тарых бетинде сакталып кала берет. Аталарыбыз көп улуттуу мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыгын коргоп, кан күйгөн майданда каармандык көрсөтүшкөн. Ооруктун ардагерлери “бардыгы фронт үчүн” деген ураан алдында майдандагы аскерлер үчүн күч үрөп эмгектенишкен.

Мекен үчүн жан аябай салгылашкан Кызыл Армиянын катарын 360 миңден ашуун кыргызстандык аскер толуктап, эрдиктери үчүн зор сый-урматка ээ болушкан. Алсак, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Григорий Конкин, Иван Москаленко сыяктуу бир катар баатырларыбыздын эрдиги эч качан унутулбайт.

Кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу ардагерлер!

Жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлеринин катары суюлуп бара жатканы өкүндүрөт. Андыктан келечек ээлери, жаштар тарыхты билүүгө, тынчтык менен согушту айырмалоого жана ардагерлерибизге таазим кылууга тийиш. Анткени алардын каармандыгы менен тынч заман орногон.

Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, дөөлөттү карылык тилеп, дагы бир жолу Улуу Жеңиш майрамыңыздар менен куттуктайм!"

Урматым менен министр, генерал-майор

Бообек Ажикеев.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу