Жаңылыктар
04.03.2024 17:49
Кароолор: 731
УЛУТТУН ӨЗӨГҮ — ЭНЕ ТИЛДЕ!
УЛУТТУН ӨЗӨГҮ — ЭНЕ ТИЛДЕ!
1-март күнү ӨКМдин кызматкерлерине КР Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан тастыктамаларды тапшыруу аземи болуп өттү.
Буга чейин кызматкерлердин мамлекеттик тил боюнча сабаттуулугун арттыруу максатында, аталган мекеме тарабынан “Иштиктүү кыргыз тили, Кыргызтестке даярдык көрүү” курсу уюштурулду.
Кыргыз тили боюнча сабактар, 5 жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик тилди билүү деңгээлине жараша, 40 академиялык саат көлөмүндө окутулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР