Жаңылыктар

19.10.2023 17:46

   Кароолор: 1316325

УЛУТТУН КҮЗГҮСҮ БОЛГОН ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ БАРДЫ

Ар улуттун тамыры терең бай тарыхы менен маданиятында көөнөргүс көрөңгө жатат. Дүйнөлүк тарыхта өз орду бар кыргыз элинин түптөлүшү,

муундан-мунга келе жаткан каада-салты, тарбиялык жана философиялык кенен маанини өзүнө камтыган буюмдары көрсөтмөгө коюлган Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи.

Дал ушул улуттун өзөгүн сактаган музейге бүгүн иш сапары менен Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри, генерал-лейтенант Александр Куренков баш болгон атайы делегация баш бакты.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн Кыргызстандын аймагында байыркы таш доорунда табылган уникалдуу табылгалар, VII-кылымдан XIII-кылымдын башына чейинки доордо жашаган “Улуу кыргыз кагандыгы” жана бул жөнүндө орустун окумуштуу-тарыхчысы В.Бартольд жазып кеткендиги, кыргыздардын тарыхындагы Орус империясына жасалган алгачкы элчилик, эки элдин ортосундагы дипломатиялык байланыштын башаты, орус маданиятынын калыптанышы кызыктырбай койгон жок. Айрыкчы көчмөн элдин жашоо-тиричилигинде колдонулуучу буюмдары, көздүн жоосун алган кол өнөрчүлүгү суктанууну жаратты.

Соңунда Россияынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Александр Куренков Улуттук тарых музейинин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, чакан белегин тапшырды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР