Жаңылыктар

15.12.2023 10:34

   Кароолор: 1222

УЛУТТУК КУРУЛТАЙ – ЭЛ ҮНҮН УГУУНУН АЯНТЧАСЫ

ӨКМ курултайдын алкагында жарандардын кайрылууларын кабыл алды

Бүгүн борбор калаада Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда жети дубан элдин башын кошкон Элдик Курултайдын биринчи күнү өттү.

Өлкөнү өнүктүрүүчү иштердин ачык-айкындуулугун чагылдырган улуттук аянтчада бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү.

Улуттук жыйынга элеттеги көйгөйлөрдү жакындан тааныган чыныгы атуулдар, аймактар менен шаарлардын түйшүгүн түшүнгөн өкүлдөр катышышты. Алардын катарын демилгелүү жаштардан тарта тажрыйбага мол орто жана улуу муундагы ар кыл кесиптин жана ар тармактын өкүлдөрү толуктап, өз ой-пикирлерин, сунуштарын билдиришти

“Демилгелүү коомдун үнүн угуп, жаркын келечегибизди түптөйбүз” деген ниет менен Элдик курултайда жарандардын мүдөөсүн аткарууга атайын ар бир министрликке тиешелүү бурчтар ачылган.

Алыскы аймактардан келген делегаттар мындагы министрликтин өкүлдөрүнө түз жолугуп, айылдардагы көйгөйлүү маселелери менен кайрылып, тиешелүү жоопторун ала алышты.

Маселен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана министрдин орун басарлары Эделбек Кулматов, Акылбек Мазарипов улуттук жыйындын алкагында элет элинин сунуштарын, көйгөйлөрүн жакындан угушту. Көбүнесе өлкөнүн алыскы аймактарындагы дарыя жээктерин бекемдөө, сел тосмолорун, дамбаларды куруу сыяктуу 30га жакын сунуш-пикирлер менен кайрылышты.

Белгилей кетсек Курултай эртең да уланып, жарандар өзүлөрүнүн суроолору менен кайрыла алышат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу