Жаңылыктар

28.04.2026 16:35

   Кароолор: 3

УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК... МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛЕСИҢБИ?

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда 28-апрелде өздүк курам үчүн таалим берүүчү сабак уюштурулду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев катышып, «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» аталышындагы мазмундуу лекциясын окуду.

Лекциянын жүрүшүндө кыргыз элинин дүйнө тарыхындагы орду, учурдагы дүйнөлүк саясий кырдаал шартында жарандардын мекенге болгон патриоттук сезимин күчөтүүнүн мааниси тууралуу кеңири баяндалды. Ошондой эле ар бир мамлекеттик кызматкердин кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатуу, сабаттуулукту арттыруу бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелеринин бири экени өзгөчө белгиленди.

Мындай иш-чаралар кызматкерлердин мекенчилдик сезимин бекемдеп, мамлекеттик тилге болгон жоопкерчилигин арттырууга өбөлгө түзөт.

https://www.facebook.com/share/p/18t9hksXrE/?mibextid=wwXIfr
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу