Жаңылыктар

18.06.2025 17:29

   Кароолор: 276

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ БОЛТУРБООГО БИРГЕ КҮРӨШӨЛҮ!

КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү бүгүн, 18-июнда ӨКМдин борбордук аппаратында өздүк курамдын катышуусунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алууга жана болтурбоого салым кошууга чакырган жыйын өткөрдү.

Анда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” КР Мыйзамы аркылуу зомбулукка кабылган ар бир жаран жана жаш балдар мамлекеттик, коомдук уюмдар тарабынан корголууга укуктуу экени белгиленди.

Ушул сыяктуу фактыларга туш болгондор төмөндөгү номерлер боюнча кызмат ала алышат:

✅102 – милиция;

✅111 – балдар үчүн ишеним телефону;

✅115 – Омбудсмендин ыкчам линиясы;

✅114 – юридикалык жардам алуу кызматы.

Жыйындын жүрүшүндө наристелердин жана өспүрүмдөрдүн туура тарбия алуусун, толук кандуу, жеткиликтүү билим алуусун камсыздоо үчүн эң алгач чыр-чатаксыз үйдө өз ата-энесинин үзгүлтүзсүз кароосунда чоңойтуп өстүрүү керектиги айтылып, ошондо гана балдардын аң сезимине зордук-зомбулуксуз үй-бүлөнүн баалуулуктары калыптанары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, КР Президенттик администрациясы тарабынан бардык министрликтердин, мамлекеттик мекеме, уюмдардын кызматкерлери аркылуу жергиликтүү калк арасында зомбулуктун оор кесепеттерин болтурбоо, алдын алуу жөнүндө түшүндүндүү иш-чараларын жеткирүү тапшырмасы коюлуп, атайы иштелип чыккан концепциянын жана улуттук программанын негизинде окутуулар улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу