Жаңылыктар

31.12.2024 17:21

   Кароолор: 222

УЧАК КЫРСЫГЫНДА ЖАБЫРКАГАН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ДАРЫГЕРЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ

Казакстан Республикасынын Актау шаарында катталган авиакырсыктан жабыркаган 3 кыргыз жараны 30-декабрга караган түнү атайын учак менен алып келинген.

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов жана ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдар медицина кызматынын директору Азат Боталиев жабыркаган жарандарыбызды мекенге алып келүү үчүн Актау шаарына барышкан. Жеринде кыргызстандыктардын абалын көзөмөлгө алышып, учак менен мекенге алып келүүдө координациялоо жумуштарын аткарышкан. Учурда жабыркаган кыргызстандыктар дарыгерлердин көзөмөлүндө

Маалым болгондой 2024-жылдын 25-декабрында, саат 11:30 чамасында Казакстандын Мангистау облусунда, Актау эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Баку-Грозный багытындагы “ Embraer 190” учагы кырсыкка учураган. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Кырсыктын кесепетинен 67 адамдын 38 каза тапкан. Калган 29 жаран анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жаткырылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу