Жаңылыктар
25.12.2024 18:33
Кароолор: 226
УЧАК КЫРСЫГЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫН 3 ЖАРАНЫ ТИРҮҮ ЭКЕНИ АНЫКТАЛДЫ
Саат 18:00га карата маалымат боюнча Казакстандагы учак кырсыгына кабылгандардын арасынан Кыргызстандын үчүнчү жараны тирүү экени аныкталды. Ал 1988-жылы туулган Э. Д. аттуу жаран.
Кыргызстандын жалпы 3 жараны Казакстандын Актау шаарындагы ооруканага жеткирилген. Алар:
- 2004-жылы туулган А.Р.Т ;
- 1998-жылы туулган О. Т. М.;
- 1988-жылы туулган Д.Э.Д.
Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан "Эмбреар - 190" учагында жалпы 67 жаран болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын, 16 Орусиянын, 6 Казакстандын, 3 адам Кыргызстандын жараны жана 5 экипаж болгон. Учурда 32 адам тирүү экени аныкталды. Тактоо иши уланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР