Жаңылыктар
27.08.2026 19:32
Кароолор: 72
ТЫНЧТЫК ЖАНА КООПСУЗДУК: ӨКМ АЛДЫДАГЫ МАСШТАБДУУ ИШ-ЧАРАЛАРГА ДАЯРДЫКТЫ КҮЧӨТТҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы өтө турган «Бишкек Арена» стадионунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоого даярдыкты күчөттү.
Ушул тапта «Бишкек Аренага» ӨКМдин эки күжүрмөн эсеп тартылып, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурууда.
Алдыдагы эки масштабдуу иш-чараны тынч жана коопсуз өткөрүүнү камсыз кылуу максатында белгиленген мамлекеттик стратегиялык объектилерде мамлекеттик кызматтар жана күч түзүмдөрү менен биргелешкен иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Куткаруучулар өрт кырсыктарынын жана ар кандай техногендик кырсыктардын алдын алуу үчүн жарандарды, меймандарды коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат.
Иш-чара өтүп жаткан учурда өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоону, электр жабдууларынан, электр жарыктарынан оолак болууну, жардыргыч заттарды, аэрозолдук жана газ баллондорду колдонбоону сунуштайт, кандайдыр бир кырсык катталса дүрбөлөңгө түшпөй, тиешелүү кызматтарга билдирүүнү же болбосо бирдиктүү 112 кызматына кабарлоону эскертет.
Белгилей кетсек, эл аралык деңгээлдеги эки масштабдуу саамалыкты уюшкандыкта өткөрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 607 кызматкер, 36 техника кызмат кылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ