Жаңылыктар

16.04.2026 11:18

   Кароолор: 60

ТУУРА-СУУ АЙЫЛЫНДА СЕЛДЕН КОРГООЧУ ДАМБА КУРУЛДУ

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу дамба курулду.

284 метр дамбанын курулушу ӨКМдин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОНУН "GLOFCA — Борбордук Азия аймагындагы калктын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоору" каржылаган.

Бул демилге аймактагы жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат жана жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоого өбөлгө түзөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу