Жаңылыктар

07.12.2023 22:27

   Кароолор: 267

ТҮТҮНГӨ ТОЛГОН ЖАТАКАНАДАН ЧЕТ ЭЛДИК 40 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан 7-декабрда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 20:22де Октябрь районунан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлгөн.

Өрт өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 21:18де чектөөгө алынып, саат 22:13тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, мында жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды. Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын абалы жакшы.

Ал эми унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу