Жаңылыктар
30.06.2026 16:15
Кароолор: 142
Түшүм жыйноо мезгилиндеги эске алчу өрт коопсуздук эрежелери
Түшүм жыйноо мезгилинде өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо зарыл, анткени бул мезгилде абанын жогорку температурасы, кургак өсүмдүктөр жана айыл-чарба техникаларынын иштөөсүнө байланыштуу өрттүн чыгуу коркунучу кыйла жогорулайт.
Түшүм жыйноо мезгилиндеги өрт коопсуздугунун негизги талаптары:
1. Техниканы даярдоо
- Бардык дан жыйноочу комбайндар, тракторлор, автоунаалар жана башка айыл чарба техникалары техникалык жактан жарактуу абалда болушу керек.
- Кыймылдаткычтын түтүк чыгаруучу системасы учкун өчүргүчтөр менен жабдылып, алар жарактуу абалда болушу зарыл.
- Техника самандан, чаңдан, май калдыктарынан жана башка күйүүчү заттардан үзгүлтүксүз тазаланып турушу керек.
- Электр зымдары, күйүүчү май берүүчү системасы бузулган же күйүүчү-майлоочу материалдар агып жаткан техникаларды пайдаланууга жол берилбейт.
2. Өрт өчүрүү каражаттары менен камсыз кылуу
- Ар бир техника жарактуу өрт өчүргүч, күрөк жана өрткө каршы кездеме (кошма) менен камсыз болушу керек.
- Түшүм жыйноо иштерин жүргүзүүчү жерлерде суу сактагыч идиштер же суу ташуучу атайын техника даяр турушу зарыл.
3. Талааларды даярдоо
- Талаалар өзүнчө тилкелерге бөлүнүшү керек.
- Тилкелердин ортосунда өрттүн жайылышына тоскоол болгон чабылган жана айдалган минералдаштырылган тилкелер уюштурулушу зарыл.
- Автомобиль жолдоруна, токойлорго, электр берүү линияларына жана курулуштарга чектеш талаалар алдын ала өрттөн коргоочу тилкелер менен бөлүнүшү сунушталат.
4. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- Талааларда, түшүм сакталган жайларда жана техниканын жанында тамеки тартууга жана ачык отту колдонууга.
- Саманды, эгин калдыктарын жана кургак чөптөрдү өрттөөгө.
- Кыймылдаткычы иштеп турган учурда техниканы күйүүчү май менен толтурууга.
- Талаанын ичинде ачык отту колдонуу менен техниканы оңдоого.
5. Түшүмдү сактоо
- Дан сактоочу кампалар, кырмандар жана түшүм сакталган жайлар дайыма таза кармалышы керек.
- Аймак кургак чөптөрдөн, таштандылардан жана күйүүчү калдыктардан үзгүлтүксүз тазаланып турушу зарыл.
- Чөптү, саманды жана данды электр берүүчү аба линияларынын астында же ачык от булактарына жакын жерде сактоого жол берилбейт.
6. Ишти уюштуруу
- Бардык кызматкерлер өрт коопсуздугу боюнча нускамадан өтүшү керек.
- Өрт чыккан учурда көрүлүүчү аракеттердин тартиби алдын ала аныкталып, өрт өчүрүү кызматын чакыруу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы зарыл.
- Түшүм жыйноо мезгилинде талаалардын өрт коопсуздугуна туруктуу көзөмөл уюштуруу сунушталат.
Өрт чыккан учурдагы аракеттер
Өрт аныкталган учурда төмөнкү чараларды көрүү зарыл:
- дароо 101 же 112 номерлери аркылуу өрт өчүрүү кызматына кабарлоо;
- техниканы коопсуз жерге токтотуу;
- адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирбестен, колдо болгон алгачкы өрт өчүрүү каражаттары менен өрттү өчүрүүгө аракет көрүү;
- өрт өчүрүү бөлүктөрү келгенге чейин өрттүн жайылып кетишине жол бербөө боюнча чараларды көрүү.
Бул талаптарды так сактоо түшүм жыйноо мезгилинде өрттөрдүн алдын алууга, түшүмдүн, айыл-чарба техникаларынын жана адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.