Жаңылыктар
24.04.2025 19:58
Кароолор: 131
“ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ҮЧҮН ГЛОБАЛДЫК ТОО ДИАЛОГУ” ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
Бүгүн, 24-апрелде “Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденцияда “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясынын алкагында “Тоолуу аймактардагы табигый кырсыктар жана алдын ала эрте эскертүүчү системалар" темасында пленардык сессия болуп өттү.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилиги алдын өткөн сессияга табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген алдыңкы эксперттер чогулушту.
Катышуучулар климаттын өзгөрүүсү жана тоолуу аймактарда жаратылыш апааттарынын саны көбөйүп жаткандыгына байланышкан чакырыктарды талкуулап, мониторинг жүргүзүү, алдын ала эскертүүнүн эффективдүү системаларын куруу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Азамат Мамбетов өзүнүн сөзүндө белгилегендей, өзгөчө кырдаалдар тобокелдиги күн санап өсүп жаткандыгын анализ көрсөтүүдө. Андыктан эффективдүү мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү – коркунучтарды азайтуунун негизги инструменти болуп калды.
Ошондой эле кырсыктардын тобокелин азайтуу жаатындагы эл аралык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарада кырсыктардын алдын алуу жана азайтуу жаатында эл аралык мыкты тажрыйбалар сунушталды. Тобокелдикти азайтуу чөйрөсүндөгү негизги милдеттер, анын ичинде улуттук мониторинг системаларын модернизациялоо, эл аралык тажрыйбаны тоолуу аймактардын шарттарына адаптациялоо, алыскы тоолуу райондордо эрте эскертүү системаларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү күчөтүү жана аймактык деңгээлде маалыматтык өз ара аракеттенүүнү интеграциялоо талкууланды.
Пленардык жыйындын соңунда иш-чаранын катышуучулары тоолуу аймактарда климаттык коркунучтарга жараша туруктуулукту жогорулатуу үчүн эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун, туруктуу инфраструктураны каржылоонун жана глобалдык тоо диалогунун алкагында инновациялык чечимдерди кабыл алуунун маанисин белгилешти.
"Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясы өз ишин 25-апрелге чейин улантат.