Жаңылыктар
22.05.2024 15:36
Кароолор: 1182
ТУРУКСУЗ АБА-ЫРАЙЫ ЖАНА ҮШҮК ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
ТУРУКСУЗ АБА-ЫРАЙЫ ЖАНА ҮШҮК ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
2024-жылдын 24-майында күндүз жана 25-26-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР