Жаңылыктар

06.11.2024 17:18

   Кароолор: 1104

ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ МЕХАНИЗМИН ТҮЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин алкагында ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу иш-чарасы уюштурулду.

Макулдашууга КР Министрлер кабинетинин атынан өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев кол койду. Калган мамлекеттердин атынан Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшту.

Кол коюунун негизги максаты – Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн, байкоочу-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн аймагында өзгөчө кырдаалдар жана айттырбай келген кырсык катталгандыгы тууралуу суроо-талап түшкөн учурда зарыл болгон чараларды канааттандыруу үчүн ыкчам таасир этүүгө биргелешкен мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Макулдашуу Түрк мамлекеттер ортосунда Жарандык коргонуу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болмокчу.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу