Жаңылыктар

23.07.2025 17:05

   Кароолор: 389

ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕР УЮМУНА МҮЧӨ-ӨЛКӨЛӨРДҮН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МЕКЕМЕЛЕРИ ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРГА БИРГЕ КҮРӨШӨТ

Бишкекте бүгүн, 23-июлда Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрагалыгы алдында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин катышуусунда онлайн форматта штабдык машыгуу уюштурулду.

Биринчи жолу Кыргызстан тарабынан демилгеленип жаткан биргелешкен эл аралык машыгууга КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамырканов баштаган делегаттар жана Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Андагы эң негизги максат – аймакта катталган өзгөчө оор табигый, техногендик кырсыктарга ыкчам таасир этүү, кесепеттерин жоюу жана комплекстүү чара көрүү үчүн тийиштүү долбоорлорду ишке ашыруу, орток келишимдерди түзүүнү биргелешип талкуулоо болуп саналат.

Урматбек Шамырканов белгилегендей, дүйнөлүк климаттын өзгөрүү шартында кризистик кырдаалдардын ар кандай түрүнө каршы турууга даярдыкты жогорулатуу, туруктуулукту бекемдөө үчүн бул машыгуунун мааниси өтө чоң.

Жыйындын катышуучулары кыргыз тараптын демилгесин колдоо менен биргелешкен машыгуу аркылуу табигый апааттардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча өз ара тажрыйба алмашып, өнөктөш өлкөлөр ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө шарт түзүлөрүн белгилешти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу