Жаңылыктар
13.12.2024 16:04
Кароолор: 226
ТҮРК КУТКАРУУЧУЛАРЫ ӨКМдин КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДЫ БАШКАРУУ БОРБОРУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Бүгүн, 13-декабрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин AFAD Кырсыктарга каршы аракеттенүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу башкармалыгынын башкы директору, доктор Садин Эргин жетектеген AFAD түрк делегациясы менен жолугушту.
Түрк куткаруучулары Кыргызстанга жасалган иш сапарынын алкагында ӨКМге караштуу мекемелердин ишмердүүлүгү, өзгөчө кырдаалдарга, кырсыктарга каршы аракеттенүү иштери менен таанышты.
Бүгүн ККББ менен таанышуу учурунда Азамат Мамбетов эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелерине, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, Жарандык коргонуу кызматтарынын өз ара аракеттенүүлөрүнө жана тажрыйба алмашуунун натыйжалуулугуна токтолду.
Өз кезегинде Сади Эргин кыргыз элинин меймандостугуна ыраазычылык билдирип, өткөн жылы Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда кыргыз куткаруучуларынын эмгегине ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен кызматташуу жогорку деңгээлде экенин белгилеп, мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР