Жаңылыктар
12.06.2026 17:11
Кароолор: 50
ТУРИСТТИК СЕЗОНДО КООПСУЗДУК КҮЧӨТҮЛӨТ
Ысык-Көл облусунда туристтик аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында өткөрүлгөн Бирдиктүү коопсуздук кызматынын гарнизондук бөлүштүрүүсүнө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү жана туристтик сезондо даярдыкты күчөтүү боюнча иштер талкууланды.