Жаңылыктар
30.05.2024 20:43
Кароолор: 586
ТУРИСТТИК МЕЗГИЛГЕ ДАЯРСЫЗБЫ? ӨКМдин ӨРТ КӨЗӨМӨЛ БОЮНЧА КЫЗМАТЫ ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮШТҮ
Жайкы мезгил жакындап, Ысык-Көлдө эс алуу үйлөрү туристтерди кабыл алууга даярданып жаткан учуру. Мындай коомдук жайларда өрт кырсыгынын алдын алуу иштери кандай жүргүзүлдү деген ой келбей койбойт. Анткени жайкысын эл көп чогулган жайлардын бири пансионаттар.
Андыктан быйыл жайкы туристтик мезгилге өрт коопсуздук эрежелери сакталгандыгын ӨКМге караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматынын адистери эс алуу жайларын жана эл көп чогулган жерлерде нускамалоочу иштерин жүргүзүүдө.
Алсак, 29-майда Өрт көзөмөл кызматынын башчысы Алибек Алыбаев жетектеген кызматтын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл районунун Сары-Ой , Бостери айылдарындагы “Raduga +” “Карвен” жана “Baytur resort” пансионаттарында өрт коопсуздугу боюнча профилактикалык иштерин өткөрүштү.
Бул профилактикалык иш-чаранын негизги максаты — туристтердин коопсуздугун, тейлөө персоналынын өрт кырсыктарын алдын алууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын жана өрттү билдирүүчү белгилердин, гидранттардын абалын чыңдоо болду.
Туристтик мезгилде өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштери ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өлкө бардык аймактарында жүргүзүлөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР