Жаңылыктар
19.02.2025 02:50
Кароолор: 589
ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо 2 конушунда турак үйдөн чыккан өрт саат 02:08де толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар катталган жок.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР