Жаңылыктар
28.02.2025 21:58
Кароолор: 269
ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Турак үйдүн чыккан өрт саат 21:52де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Маалым болгондой Чүй облусунун Сокулук районунда алдын ала маалымат боюнча Кожомкул айылынын Суусамыр көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 20:57ден тарта жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР