Жаңылыктар

09.02.2025 18:55

   Кароолор: 420

ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ БИР АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Ак-Ордо конушунда турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Тилекке каршы кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы бир эркек адам каза болду.

Тилсиз жоонун айынан турак үйдүн болжол менен жалпы аянты 100 чарчы метрди түзгөн чатыры жана ичи күйүп кетти.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 14:45тен тартып Ленин райондук №6 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүштү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу